Ысык-Көл облусунда 2 кишини өлтүрүүгө шектүү жаран барымтага алган аялды коё берди
Ысык-Көл облусунда 2 кишини өлтүрүүгө шектүү жаран барымтага алган аялды коё берди. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кылмышка шектүү С.С. барымтага алган Л.И.ни өзү коё берди. Шектүү барымтага алган аялды коё бергенден кийин ат менен андан ары жолун улап кеткен", - дешти ОИИБден.
4-июлда Түп айылынын тургуну 29 жаштагы С.С. "Вепрь" үлгүсүндөгү ок атуучу курал менен Эңилчек жайлоосунда жайгашкан "Хан-Теңири" лагеринин директорунун орун басары А.Д.ны жана аталган жерде ар кандай жумуштарда иштеген М.К.ны атып өлтүрүп, ошол жерде иштеген Л.И.ни барымтага алганга шектелип жатканы маалымдалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Anti-S

05.07.2019. 21:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Анан кантип ат менен ары кетип калды. Атпайсынарбы. Байке жакшы барын деп узаткан ИИМ кызматкерлери.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.