super.kg logo

Ачык асман алдында оюн-зоок, дүйүм тамак, жандуу музыка, бий, кино... "Дордой Плаза" шаардыктарга жаңыча эс алууну сунуштайт

 

"Дордой Плаза" соода борбору жайдын аптаптуу күндөрү шаңдуу өтүшү үчүн шаардыктарга сунуш киргизди. Окуу жылы аяктаган, айрымдар эмгек өргүүсүндө, эс алууга шаарга келгендер да бар. Мына ушундай саратандын ысык түнүн эң жогорку маанайда өткөрсө болот. Бул үчүн "Дордой Плаза" "Food Summer Party!" деп аталган кече уюштурду.

Ачык асман алдында түрдүү оюн-зоок, дүйүм тамак, жандуу музыка, мастер-класс, кино көрсөтүү менен коштолгон кече 5-6-7-июль күндөрү "Дордой Плаза" соода көңүл ачуучу борборунун имаратынын короосунда болот. Баса, капчык калың эмес болсо да ойлонууга себеп жок, анткени кечеге кирүү АКЫСЫЗ. Мындай шаңдуу кече жогоруда көрсөтүлгөн күндөрү саат 19:00дө башталат.

Бул кечеге келгендер:

- Burger House'тан Street Food, Felicita Pizza, Social Pizza, Bellagio, Nathans, Pro Kazan, Grill House, Burger Station, Fresco жана башкалардан даам татат;

- Жандуу музыка;

- Бий боюнча мастер-класс;

- Кулинария боюнча мастер-класстар;

- Чыгармачылык боюнча воркшоп;

- Мега шахмат жана мега LEGO;

- Стол тенниси жана футбол;

- Ачык асман алдында кино көрөт.

"Биз сиздерге эң жылуу жана позитивдүү эмоция курчаган атмосфераны түзүүнү убада кылабыз", - деп жазылат "Дордой Плазанын" билдирүүсүндө. Анын негизги өнөктөшү - "Кока Кола" компаниясы.

Келген конокторго ыңгайлуу болуш үчүн - отургучтар жетиштүү санда коюлат, дагы бир өзгөчөлүгү бренд компаниялардын логотиптери менен жасалган. Кеченин шаңына көрк кошуу үчүн иш-чара өткөн аймак түркүн түстүү кооздуктар менен жасалгаланды.

"Дордой Плаза" соода борборунун кызматкерлери бул идеясын социалдык тармактардагы баракчасына бөлүшүп, калктын пикирин сураганда, дээрлик баары кубануу менен кабыл алышканын жазышкан.

Шаардагы унаалардын үнүнөн, чаңдан алыстап, өзгөчөлүү атмосферада эс алууну эңсеп жүрсөңүз бул сиздин мүмкүнчүлүк!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(3)
06.07.2019. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эн сонун!Бул идеяны башка да соода борборлору колдоп эл учун ушундай эс алууга мумкунчулук тузуп беришсе жакшы болмок..
07.07.2019. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nur777,муну маркетинговый ход дейт. Капиталистер эч качан бекер эле бирдеме кылышпайт.
08.07.2019. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
PeRa,Албетте реклама бул,кичине болсо да конул ачуу болот элдерге,итак эле Бишкекте эч нерсе жок бала-чака бара турган.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: