super.kg logo

Ысык-Көлдө Казакстандын жараны жергиликтүү тургундун унаасын уурдаганы үчүн кармалды

 

Ысык-Көлдө Казакстандын жараны жергиликтүү тургундун унаасын уурдаганы үчүн кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда 6-июлда саат 5:45 чамасында Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө 31 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылган. Ал мас абалындагы белгисиз жаран аны сабап, кийин ВАЗ-2104 үлгүсүндөгү унаасын уурдап кеткенин билдирген. Ал 20 мүнөт мурун унаасы менен Бактуу-Долоноту айылынан Кара-Ой айылына жеткиргенин айткан.

"Жүргүнчү бара турган жерине жеткенде айдоочунун бетине урган. Андан соң унаасын тартып алып, Кара-Ой айылынын батыш тарабына айдап кеткен. Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ыкчам аракеттердин натыйжасында кылмышка шектүү колго түшүрүлгөн. Ал Казакстандын жараны, атайын багыттагы отряддын ардагери К.С. экени белгилүү болду. Шектүү кылмышты моюнуна алып мас абалында жасаган иштерин жооп бере албай ушундай кадамга барганын айтты. Материалдар юридикалык баа берүү үчүн Ысык-Көл РИИБинин тергөө кызматына берилди", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
07.07.2019. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бечара болгондо сразу камайт эленер
08.07.2019. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бывший болсо карга карганын козун чукбайт...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: