super.kg logo

ЭЛДИК ВИДЕО: Токмокто айланма жолдо жүргүнчү ташыган кичи автобус кырсыкка кабылды

 

Токмокто айланма жолдо жүргүнчү ташыган кичи автобус жол кырсыгына кабылды. Кырсык тууралуу кыска тасма "ЭЛДИК ВИДЕО" бөлүмүнө жүктөлдү.

Анда жол кырсыгы Токмок шаарынын аймагында болгону жазылган.

Видеодон жүргүнчү ташыган кичи автобустун айдоочусу отурган тарап катуу урунганын, эшигинин жулунганын көрүүгө болот. Кырсыкка кабылган кичи автобус Бостериге эс алуучуларды алып бара жаткан.

Ал эми Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы кырсык бүгүн, 7-июлда саат 18:00 чамасында болгонун билдирди.

"Кырсык Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда орун алган. Анда 18 жүргүнчүсү менен Ысык-Көлгө бара жаткан кичи автобустун алдынан чиркегичи бар жеңил унаа чыккан. Жеңил унаанын чиркегичи бошоп, кичи автобустун капталын сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен кичи автобустун 4 жүргүнчүсү жеңил жаракаттарды алган", - дейт басма сөз кызматы.






Токмокто жүргүнчү ташып келе жаткан кичи автобус жол кырсыгына кабылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: