super.kg logo

Түркияда юридикалык компанияда иштеген жаран: "Октон каза болгон Кыргыз жигит жергиликтүү тургундардын урушунун курмандыгы болду"

 

Түркиянын Алания шаарында тапанчанын огунан Кыргыз жигити каза болгон. Окуя боюнча бүгүн, 8-июлда SUPER.KG порталына Түркиядагы юридикалык компаниянын жетекчиси Нурлан Миртемир уулу айтып берди.

Анын айтымында, маркум жергиликтүү тургундардын жаңжалынын курмандыгы болуп калган.

"Кыргыз жараны эртең менен таңкы саат 6 жарымда жубайы менен жолугушуу үчүн чыккан. Аялы башка мейманканада, өзү башка мейманканада иштечү экен. Жолго чыгып, аялдамада турган кезде аласа-бересеси бар жергиликтүү тургундар уруша кетишкен. Бирөөсү куралын алып ок чыгара баштаган. Аялдамада тургандардын кээ бири качканга жетишип, Кыргыз жараны нес абалда калган экен. Ага ок тийип курман болду.

Окуя Анталиянын Алания деген районунда болгон. Маркумдун сөөгү экспертизага жөнөтүлдү. Ошонун жыйынтыгына жараша ок аткан жаран Түркиянын Жаза кодексине ылайык жазага тартылат", - деди Нурлан Миртемир уулу.

Кыргыз жараны каза болгон окуя боюнча Түркиянын укук коргоо органдары тергөөнүн жүрүшү тууралуу кабар бере элек. Ошондой эле Кыргыздын Түркиядагы элчилиги менен Тышкы иштер министрлигинен азырынча маалымат ала электигин айтышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
08.07.2019. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Койсонор э, кечээ эле бычак менен сайып тапанча менен атты деп журот эле го.
08.07.2019. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар качан туура жазып суйлойт экенбиз
08.07.2019. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечее башкача айтылып аттыле , эми бүгүн башкача тообо десе.
08.07.2019. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаман болду биздин айылдан эле. Ар кандай божомолдор айтылууда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: