Түркияда каза болгон Кыргыз жигиттин айылдашы: "Ал былтыр үйлөнгөн. Мүнөзү жоош, чырдан алыс болчу"
Түркияда каза болгон Кыргыз жигит былтыр күзүндө үйлөнүп, келинчеги экөө иштегени чет өлкөгө кетишкени маалым болду. Бул тууралуу анын айылдаштары билдиришти.
Маркум Мухтарбек И. 1996-жылы Чоң-Алай районунда туулган. Достору аны жоош, момун, чырдан алыс болчу деп мүнөздөштү.
"Мурун тойлордо сүрөткө тартып иштечү. Үйлөнгөнүнө бир жыл боло элек. Ата-энеси кабарды уккандан кийин Ош шаарына барганы жатышкан", - дейт маркумдун айылдашы.
Кыргыз жараны каза болгон окуя боюнча Түркиянын укук коргоо органдары тергөөнүн жүрүшү тууралуу кабар бере элек. Аталган өлкөдөгү юридикалык компаниянын жетекчиси Нурлан Миртемир уулу "Октон каза болгон Кыргыз жигит жергиликтүү тургундардын урушунун курмандыгы болду" деп билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:35
2025-07-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.