super.kg logo
  Саясат  

КҮНСОБОЛ: Конгантиевдин акталганын реваншисттер жеңди, Апрель курмандыктарынын каны акталбады деп кабыл алуу керекпи? Депутат Анвар Артыков: "Конгантиевдин Таласта катуу сабалганы жаза катары эсептелсе керек"

 

5-июлда сот мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин аракетинде кылмыштын курамы жок деп актады. Конгантиевге 2010-жылдагы апрель окуясына байланыштуу "Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу", "Шалаакылык" беренелери боюнча айып тагылган. Ал Апрель революциясына, 100гө жакын жарандын атып өлтүрүлүшүнө алып келген Бакиевдин бийлигинин тушунда Ички иштер министрлигин жетектеген.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Молдомуса Конгантиев акталды. Муну реваншисттер жеңди, Апрель курмандыктарынын каны акталбады деп кабыл алуу керекпи?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Анвар Артыков жооп берди.

Анын айтымында, Конгантиев юридикалык жактан жоопкерчиликке тартылышы керек. "2010-жылдагы башаламандыкка анын жоопкерчилиги бар болушу мүмкүн. УКМКнын, Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери жазасын өтөштү да. Эмнеге Конгантиев акталганын билбейм. Балким, анын Таласта токмоктолгону жаза катары эсептелген болушу мүмкүн, бирок ал юридикалык жактан жоопкерчиликке тартылышы керек", - деди Артыков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: