super.kg logo
  Саясат  

Азиз Батукаевди абактан бошотуу чечимин чыгарган сот Жапар Эрматов кызматтан четтетилди

 

Жапар Эрматов Нарын облусунун Райондор аралык сотунун судьясы кызмат ордунан убактылуу четтетилди. Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 8-июлда кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы Башкы прокурорго жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө макулдук берген. Буга байланыштуу Жапар Эрматов жергиликтүү соттун судьясынын кызмат ордунан убактылуу четтетилди. Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевди абактан бошотуу чечимин чыгарган Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматовдун үстүнөн сотко чейинки териштирүү башталганы маалымдалган. Тергөө иштеринин алкагында ал суракка чакырылып, кийин Эрматов 2 айга камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: