super.kg logo

Шаардык кеңештин депутатынын аты аталган кырсык боюнча милиция эч кимден арыз түшө электигин билдирди

 

7-июлда Балыкчы-Ананьево-Каракол жолундагы жол кырсыгынан 3 адам каза болгон. Бүгүн ооруканада Lexus үлгүсүндөгү унаанын дагы бир жүргүнчүсү көз жумганын SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматкери Сталбек Усубакунов кырсык тууралуу буларды айтып берди:

"Жогоруда айтылган маалымат боюнча тергөөгө арыз менен эч ким кайрылган эмес. Жол кырсыгы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда жол кырсыгына эмне себеп болгонун аныктоо максатында автотехникалык экспертиза дайындалган. Ал экспертиза унаалар кандай ылдамдыкта келе жатканын, жол эрежеси бузулганбы жана аны кайсы тарап бузганын аныктайт. Анын жыйынтыгы менен күнөөлүү тарап аныкталып, юридикалык баа берилмекчи. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө", - деди Усубакунов.

Буга чейин ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдиргендей, 7-июлда Балыкчы-Ананьево-Каракол жолундагы жол кырсыгынан BMW Х7 жана Lexus ES 300 үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Бул мекеме BMW Х7 унаасынын айдоочусу тууралуу гана маалымат берип, ал эми жүргүнчүсү тууралуу берген эмес. Бул жүргүнчү Бишкек шаардык кеңешинин "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Темирлан Токобеков экени айтылууда.

"BMW Х7 унаасын 1996-жылы туулган Х.Э. аттуу бала башкарып бара жаткан. Ал эми Lexus ES 300 унаасын 1995-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну Б.Н. башкарып келе жаткан. Ал жолдун ортосунан бурулуш жасайм деп кырсыкка кабылган. Анын кесепетинен Lexus ES 300 унаасынын айдоочусу, андан тышкары 1995-жылы туулган Д.Н. жана Б.Б. аттуу 2 жүргүнчүсү каза болгон. Ал эми К.Б. аттуу жүргүнчүсү Чолпон-Ата шаарындагы оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болду", - дешкен мекемеден.

BMW Х7 унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү жаракат алган эмес. Жол кырсыгы 7-июлда Бактуу-Долоноту айылына жакын жерде орун алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
09.07.2019. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
арыз тушподу деп жаап койгула анда
09.07.2019. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Милиция жашырып, тартылган видеолорду очуруп жатат деп даттанышып жатат деп журот башка жанылыктарга. Олгон балдардын туугандары тарабынан.
09.07.2019. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болду бул ишти жабып коюшту ошол куну Кудалар экен ажобузга
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: