Күрөш боюнча өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугу: Акылбек Талантбеков финалга чыкты

Бүгүн, 9-июлда Таиландда күрөш боюнча өспүрүмдөр арасында Азия чемпиондугу башталды. Мелдештин биринчи күнү 4 Кыргыз балбаны мелдешке чыгышты.
77 килограмм салмакка чейинки категорияда Акылбек Талантбеков өзбек жана кытайлык балбандарды жеңип, финалга чыкты. Финалда ирандык спортчу менен кез келет.
Ошондой эле 63 килограмм салмак ченинде Нурсултан Махмудов жана 87 килограмм салмак категорияда Азат Салидинов коло медаль үчүн күрөшөт. Тилекке каршы, Куттубек Абдыкерим уулу (55 килограмм) мелдештен четтеп калды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.