super.kg logo

Бишкекте дүкөнгө бет капчан кирип, кассадан 7 миң сом акча алып кеткенге шектелип эки жаран кармалды

 

Бишкектеги дүкөндөрдүн бирине бет капчан кирип тоногон деп шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 8-июль күнү түнкү саат 03:00 чамасында Элебесов көчөсүндөгү дүкөндөрдүн биринде болгон. Анда бет кап кийген эки жаран сатуучуну бычак жана тапанча менен коркутуп, кассадан 7 миң сомду алып, андан ары изин жашырышкан.

"Бул факты Свердлов РИИБине Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 202-берене менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Издөө иштери башталып, шектүү катары Жалал-Абад облусунун 21 жаштагы М.И. жана Талас облусунун 18 жаштагы Б.М. аттуу тургундары кармалган. Алар кармалган учурда жанынан пневматикалык тапанча табылган. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алардын ушул сыяктуу башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги такталууда", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
09.07.2019. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кантип кармап алдынар? Ээн талаадан беркини 3, 4 кундон бери кармай алышпай журот го!
10.07.2019. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми буларды 7жыллан кесет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: