super.kg logo

Бажы кызматы 6 ай аралыгында аткезчиликтен казынага 101 миллион сомдон ашык киреше алып келди

 

Бажы кызматы 2019-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен аткезчиликтен казынага 101 миллион сомдон ашык киреше киргизди. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

"Мыйзам бузуулардын бирдиктүү реестринде 623 факт катталды. Бул 2018-жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда 102 фактыга жогорулады. Айып санкциялары жана товарлардын наркы 4 миллион 300 миң сом өндүрүлүп, бажы төлөмдөрү 65 миллион 400 миң сомду түздү. Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 120 факт катталды, бул 2018-жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда 25 фактыга көп.

Мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын орду 31 миллион 500 миң сомго толтурулду. Бюджетке кошумча түшүүлөрдүн жалпы суммасы 101 миллион 200 миң сомду түздү", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
10.07.2019. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кулматов бажы кызматын жетектегенде кунуно 15 миллион тушуп жатпады беле ага чейин Матраимов башкарганда кунуно 2 миллион тушчу экен эми андан да жаман болуптур !!! О Аллах эмнеге бизге ушул Матраимовтордун уй булоосун бердин элдин канын ичип ырыскысын бут жеп бутмой болдуго !!! Же Соке ишке жараган жок кылган иши АША же аны камай албайт! кантип кутулабыз ушул кан ичкичтерден ?
10.07.2019. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мынча аз
10.07.2019. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябайкоп го )))). Кунуно мамлекетке 15 миллион тушургон Кулматовду койот окшойбуз кайра ))).
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: