super.kg logo

Миллионер болуунун сырларын ачуу - келечектеги бакубатчылыкка салым

 

Эс алуу сезону, дем алыш күнү, жадакалса жайдын аптабы «миллионер болууну каалагандарга» жаш ишкер, Elite House курулуш компаниясынын негиздөөчүсү, «Кынтыксыз ишмердүүлүк» сыйлыгынын ээси, МВА даражасына ээ Тимур Файзиевдин тренингине катышууга тоскоол боло алган жок.

Тренингдин 1700 катышуучулардын арасында такшалган бизнесмендер да, жаш ишкерлер да пайдалуу маалымат ала алышты. 5 старт-ап долбоордун автору Тимур Файзиев менен биргеликте бизнес-тамактануу учурунда идеяларын талкуулоо, тажрыйбалуу бизнесмендин саресебин жана акыл-насааттарын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Катышуучулардын арасында бизнес баштоону көптөн бери ойлонгон кожойкелер, билим алууга тойбогон интеллигенттер, алдыга көп максат койгон студенттер жана жөн гана Файзиевдин таланты жана иш алып баруу принциптерине таазим кылгандар болду.

Ал эми ал принциптер болсо өтө эле жөнөкөй – иш алып барууда гана эмес, дегеле жашоодо чынчыл, ачык жана гумандуу болуу. «Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат» деп, илгертеден бери бекеринен айтылбаса керек. «Билим максатка жакындатат» деп ишенет Тимур Файзиев. Болуп өткөн тренинг билимди колдон келишинче көп адамга бекер берүү менен келечектеги бизнес тармагын өнүктүрүп, экономикага салым кошуу максатын көздөйт.

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө 42 миллион миллионер бар, алардын саны жыл сайын 2 миллионго артып турат. Булардын ар биринин миллионго жетүү үчүн өзүнүн жолдору, жоболору болсо керек. Тимур Файзиев өзүнүн миллионуна көп жылдык тажрыйбасы жана алган билиминин негизинде жараткан «күчтөрдү гармонизациялоо» теориясы аркылуу жетишкен. Алар: билимдин күчү, дененин күчү, рухий күч жана финансылык күч болуп эсептелинет. Бул жана башка уникалдуу билимдерди «Миллионерлер кантип ойлонот?» аттуу тренингде угуучуларга тартуулашты.

Атайын тренингге катышуу үчүн ат арытып алыстан келген көрүүчүлөр да болду, алардын бириси белгилүү блогер Атакул Жалилов Оштон бери өзүнүн каналынын көрүүчүлөрүнүн суранычын аткарып, өз көзү менен көрүп материал даярдоону туура тапты. Аны төмөнкү шилтемеден көрүүгө болот: https://youtu.be/yqNXL3k3IJQ.

Elite House компаниясы өзүнүн социалдык жоопкерчиликтүү бизнес жүргүзүү принцибине таянып, бул саамалык да адаттагыдай эле кайрымдуулукк акциясы менен коштолду. Тренингге катышуу акысыз болуп, каалоочулардан чогулган акча каражат Балдардын церебралдык шал оорусуна (ДЦП) кабылгандардын фондуна которулду.

Бул жолку тренингде сыйлуу коноктор да болду – алар Enactus – жайкы бизнес мектебинин катышуучулары. Ишкер болууну көздөгөн жеткинчектер Тимур Файзиевдин өзү менен таанышып, тренинг бүткөн соң курулуш объектилерди, компаниянын офисине барышты. Ким билет, балким, булардын арасында эртеңки курулуш магнаттары өсүп чыгат?

Жалпысынан саамалык позитивдүү атмосферада өтүп, көрүүчүлөргө кубаттуу энергетика тартуулады. Биз болсо бул салтты уланта бермекчибиз.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(9)
10.07.2019. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кантип миллионер болуунун сырларын матраимовтордон кутом
11.07.2019. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eldar6724, Туппа тууура кепирдин да укам )))))))
11.07.2019. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eldar6724, Чын эле Матраимов тренинг кылат экен десе безип бармакмын ))))
10.07.2019. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Jomok 99%
10.07.2019. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ишенбейм бывшый чекист Максат Мамытканов айтты го,Бишкекте акыркы жылдары 4 миллиард долларга жеткен курулуштар болуптур бул акча каяктан келген чиновниктер олконун казынасын тоноп ошол акчаны бизнеске салып жатат,ГКНБ да иштеген адам айтып жатат,анан жаш балдарды дироктор кылып коет чыныгы ээлерин эл билбейт.
Kyrgyz_bloger түзөттү 2019-07-10 17:15:39
10.07.2019. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Kyrgyz_bloger, негизи эле кабар астында коро албастыктар эле жазылып турат, дуйно коз караш тар болсо ушинтип эле жаман жакты карай бермей адат бар. Тимур Файзиев кудай деген, мыкты адам. Билимин болушуп жатса да, коро албайсынар
10.07.2019. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Милионнер болунун бир сыры ! Ар тараптан изденуу керек ! Кыргызстандагы туугандар эмнеге бай ? Алар ото кылдаттык меенеткечи менен байышат.Той топуру бизчелик эмес .
10.07.2019. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ээ туугандар бай болгондун да азабы бар.. Ошончо байлыкты ойлой берип нервда өлөт.... Өтө байлыктын кереги жоок
10.07.2019. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ошо миллионероер кантип байыган.? Алардын точкасы бар сабак отчуу жер кантип байыштын.Айтсан жомок,а чынында ошо чын Карызга кирип кеткен байлар карыз алып ошо окууга барып сабак алып карыздан чыгып байып кеткендер болгон.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: