Бишкек шаарында маршруттук унаа кырсыкка кабылып, 12 адам жаракат алды




Бүгүн Бишкек шаарында маршруттук таксинин катышуусунда жол кырсыгы катталып, 12 адам ар кандай жаракаттарды алды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Тоголок Молдо-Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
"Маршруттук унаа менен жеңил унаа сүзүшкөн. Андан соң маршруттук унаа жолдун четиндеги жыйылып турган бетон шакекчелерди сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен жалпы 12 адам ар кандай жаракаттарды алган. 2 адамдын абалы орто, калгандары жеңил жаракаттарды алган. Окуя болгон жерге "Тез жардам" кызматы келип жабыркагандарды алып кеткен", - деп билдирди маалымат кызматы.
Тактоо иштери жүрүп, окуянын күбөлөрү суралууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Dalil

10.07.2019. 13:33
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
203 окшойт. Ал 192 менен клиент талашып катуу айдашат. Ичинде эл бар экенин унутушат.
Bekobala

10.07.2019. 22:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dalil,ооба 203 мен кырсык болгондон кийин ошол жерден өтүп аткам. Ичиндеги адамдарды көрүп коркуп кеттим аябай катуу сузуптур
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.