super.kg logo

Асел Кадырбекованын "Телефон" аталышындагы чыгармасы "Супер хитке" кошулду

 

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордуна Асел Кадырбекованын "Телефон" деген видеоклиби кошулду.

"Бул чыгарма турмушка чыкканга чейин эле жазылган. Ал эми клипти тартып баштаганда кыз узатуу, той менен алектенип калдым. Үй-бүлө кургандан кийин клипти аягына чыгардым. Бирок жакшылап иштеп чыгайын деп көп убакытка созулуп кетти. Ыр казынамда жөн эле тура бербесин деп күйөрмандарыма тартууладым", - деди ал.

3-ИЮЛДАН 10-ИЮЛГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ:

10-орун - Кайрат Примбердиевдин "Эстей берем" аталышындагы клиби эң аз добуш топтоп, сынактан четтетилди.

9-орунду - Мирбек Иманбеков менен Наргиза Айтемированын "Жаным" чыгармасы камсыздады.

8-орун - Роза Шакированын "Сени менен" видеокомпозициясына буюрду.

7-орунду - Эрлан Андашев менен Ирина Шоттун "Жаным, жаным" клиби багындырды.

6-орунду - Айжамал Кабылованын "Сүйүү азабы" видеоклиби ээледи.

5-орунду - Гүлжигит Сатыбековдун "Жаштык ыры" аталышындагы чыгармасы камсыздады.

4-орун - Фарида Карбосованын "Ашыгам" видеоклибине буюрду.

3-орунду - Урмат Усенов менен Нелянын "Жанымда бол" клиби камсыздады.

2-орунду - Нурлан Насиптин "Мадам" аталышындагы чыгармасы алдыңкы үчтүктө келе жатат.

1-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Дайыр Исмадияровдун "Каражан" клиби эң көп добушка ээ болуп, апта жеңүүчүсү деп табылды.

Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүү үчүн шилтеме.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(4)
10.07.2019. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кандайча?
10.07.2019. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мага жакты ушул ыр
10.07.2019. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эн сонун ыр
11.07.2019. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тээ илгери улуу муундар мекеним, туулган жер, айылым, балалык, ата-эне деп ырдашат эле. 90-жылдардан баштап сүйөм-күйөм өлөм-житем деп ырдап калышты эле. Эми минтип телефон, агент, инстаграм, интернет деп ырдап калышты. Дагы бир эки он жылдыкта кантип ырдашат болду экен?))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: