super.kg logo
  Саясат  

Экс-депутат Равшан Жээнбеков: "Финансы полициясы Матраимовдор боюнча калп айтса, эртели-кеч жетекчилери жооп берет". КҮНСОБОЛ

 

Быйыл май айында "Азаттык" радиосу Матраимовдордун үй-бүлөсүн Кыргыз өлкөсүнөн 700 миллион доллар чыгарып кетүүгө тиешеси бар болушу мүмкүн деген иликтөө жарыялаган. Анда Матраимовдордун фондуна 2 миллион 300 миң доллар которулган деп айтылган.

Финансы полициясы бул журналисттик иликтөөнүн үстүнөн текшерүү жүргүзүп, 700 миллион долларга жакын сумма Кыргыз мамлекетинен чыгарылып кетпегенин, банктар аркылуу которулганын аныктаган. Мындан тышкары мекеме Матраимовдордун фондуна 2 миллион 300 миң доллардын которулганы тастыкталбаганын билдирген.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Финполдун Матраимовдорго байланыштуу иликтөөсү сизди ишендире алдыбы?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков жооп берди.

"Азыр дээрлик бардык өлкөлөрдө мыйзамсыз акчаларды адалдоого каршы эл аралык банктык жана укуктук көзөмөл органдар иштейт. Акча жөнөткөн же алган адамдарды, компанияларды жашыруу мүмкүн эмес. Айрыкча, эгер акча каражаттары Европа жана АКШга которулган болсо. 100 жыл өтсө дагы сактала турган документтер менен Финансы полициясы (Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы) калп айтса, анда эртели-кеч жетекчилери жооп берет", - дейт Жээнбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: