super.kg logo

Жалал-Абадда 11 жаштагы кыз жол кырсыгынан каза болду. Ал жүк ташыган унаанын дөңгөлөгүнө тебеленген

 

Жалал-Абад шаарынын Роза Азимова көчөсүндө бара жаткан жүк ташыган унаа бурулуп бара жатып арткы дөңгөлөгү менен 11 жаштагы кызды тебелеп кетти. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 10-июль күнү саат 12:00 чамасында болгон.

"Жүк ташыган унаа бурулуп жатканда жолдун четиндеги кызды арткы дөңгөлөгү менен тебелеп кеткен. Кыз окуя болгон жерден жан берген. Ал эми милиция кызматкерлери жүк ташыган унаанын айдоочусун иштеген жеринен кармап келишкен. Айдоочу алгачкы көрсөтмөсүндө кыздын арткы дөңгөлөктүн алдына кирип кеткенин көрбөгөнүн айткан. Учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Окуянын чоо-жайы такталууда", - деди басма сөз кызматкери.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(2)
10.07.2019. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмне эле болуп атат өлкөбүздө?
11.07.2019. 07:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акыркы кундору жалан эле 11 жашар балдар-кыздар каза болуп атат. Элибизге тынчылык бере кор Аллахым.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: