Германиянын канцлери Ангела Меркелди үчүнчү ирет калтырак басты
Германиянын канцлери Ангела Меркелди үчүнчү ирет калтырак басты. Ал Финляндиянын премьер-министри Антти Ринне менен расмий жолугушуу учурунда өзүн начар сезгенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, расмий жолугушуу башталганда Ангела Меркелди 1 мүнөткө жакын калтырак баскан. Канцлер өзүн начар сезип жатканына карабастан жолугушууну улантып, пландык режимде сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндүгү айтылат маалыматта.
Буга чейин Ангела Меркель Украинанын президенти Володимир Зеленский менен жолугушууда денесин калтырак басып, аз жерден жыгылып кала жаздаган. Бир аптадан кийин канцлер Германия Федеративдүү Республикасынын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугуу учурунда өзүн начар сезген. Калтырак басканына карабай ал иш-чарага катышуусун уланткан.
Финляндиянын өкмөт башчысы менен жолугууда Ангела Меркелди калтырак басты

Биздикилерге окшоп кылмыш иши козголуп камалгалы калканда ооруган жок.
Германиялыктар миграт болуп тентиген жок Германия онугуудо демек озунун жумушун мыкты аткарып жатат. Карыдын жумуштан кет ордунду бошот дегенге бизде негиз жок.