ИИМ Алмазбек Атамбаевди кайрадан суракка чакырды
Алмазбек Атамбаевди ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы кайрадан суракка чакырды. Маалыматты Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева билдирди.
"ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынан келген чакырууда Атамбаев эртең, 11-июлда суракка барышы керектиги жазылган. Чакыруу жактоочунун колуна берилет", - деди ал.
8-июлда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына күбө катары суракка чакыртылган. Буга байланыштуу Атамбаев билдирүү таратып, суракка барбай турганын кабарлаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:35
2025-06-26

Рейтинг:
4

барыныз эгер куноонуз жок болсо, акты ак караны кара дейт экенсиз барын соттошун уйунуздон чыктыныз кайтпайсыз да ошону учун адвокатым тигиндей мундай деп.Жээнбеков эртен Путин мн суйлошот болду бекен бул маселе боюнча'
Канткен де да туура эмес кылдыныз жооп беришиниз керек баарына!