super.kg logo

Кыргыз шоу-бизнесиндеги экинчи анимациялык клипти Съездбек Искеналиев тарттырды. Бүгүн клиптин бет ачары болду

 

Ырчы Съездбек Искеналиев "Кыргыз ааламы" чыгармасына тартылган анимациялык клибинин бет ачарын жасады. Бул клип кыргыз шоу-бизнесиндеги экинчи анимациялык клип болду. Мындай эмгекти жаратууга 3 жылдан ашык убакыт сарпталганын айткан ырчы буларга токтолду.

"Патриоттук дем берген чыгарманын сөзүн даярдап, ырды жаздырганга 3 жыл убакыт кетти. Чыгармага адаттагыдан өзгөчө клип тартайын деп анимациялык кылууну чечтим. Клипти тартууга 3-4 ай убакыт кетти. Анимациялык клиптин кандай болгонун көрөрмандарым, күйөрмандарым баалайт", - деди ал.

"Кыргыз ааламы" чыгармасынын сөзү Акбар Кубанычбековго, обону Съездбек Искеналиевге таандык.

Кыргыз шоу-бизнесинде биринчи болуп анимациялык клипти Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков "Сүйөм сени" чыгармасына тарттырган.






Ырчы Съездбек Искеналиев анимациялык клибинин бет ачарын өткөрдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: