Москвада өспүрүм менен интернет аркылуу таанышкан жаран аны 500 миң рублга кулчулукка сатууга аракеттенген
Москвада өспүрүм менен интернет аркылуу таанышкан жаран аны 500 миң рублга кулчулукка сатууга аракеттенген. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.Маалыматка ылайык, окуя 9-июлда Москванын чыгыш тарабында жайгашкан кафелердин биринде орун алган. Анда полиция кызматкерлери болбогондо интернет аркылуу таанышуу кыз үчүн өтө кайгылуу бүтмөк.
"2003-жылы туулган кыз менен интернеттен таанышкан Саид М. аттуу жаран аны кулчулукка сатуу үчүн Чувашиядан атайын Москвага алып келген. Кылмышка шектүү кызды ээрчитип алып кафеге кардар менен жолугууга алып барган. 16 жаштагы кызды кардарга сатып, акчасын колго алып, кыялданып отурган кезде полиция тарабынан колго түшүрүлгөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-3
-3
Комментарийлер(1)
KyrgyzstanBishkek
11.07.2019. 10:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Окшошпой калыптыр
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















