super.kg logo

"Forbes" журналы эң көп киреше тапкан жылдыздардын рейтингин жарыялады

 
Ырчы Тейлор СвифтБелгилүү "Forbes" журналы дүйнөлүк жылдыздардын кирешелерин эсептеп, эң көп киреше тапкандардын рейтингин жарыялады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, рейтингдин сап башында 12 айда 185 миллион доллар киреше тапкан белгилүү ырчы Тейлор Свифт жайгашкан.
Ал эми 2-орунда америкалык топ-модель жана косметикалык компаниянын жетекчиси өзүнүн 170 миллион доллары менен Кайли Женнер жайгашкан. 3-орунда рэпер, Ким Кардашьяндын күйөөсү Канье Уест өзүнүн 150 миллион доллары менен жайгашкан.

Алдыңкы бештикке аргентиналык футболчу Лионель Месси (120 миллион доллар) жана британиялык поп-ырчы Эд Ширан (110 миллион доллар) жазылышкан.

Айта кетсек, топ-100гө киргендердин көбүнчөсү - музыканттар (34 адам) жана спортчулар (34 адам).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: