super.kg logo
  Саясат  

Жактоочу Алмазбек Атамбаевдин кайрадан суракка чакырылышы боюнча: "Мыйзам экинчи ирет бузулууда"

 

Бүгүн, 11-июлда саат 10:00гө Алмазбек Атамбаев экинчи жолу ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына суракка чакырылган. SUPER.KG порталына экс-президенттин жактоочусу Сергей Слесарёв билдиргендей, Атамбаев бул жолу да суракка барбайт.

"Суракка чакырууну ИИМдин кызматкерлери кечээ кечинде келип таштап кетишкен. Мен буга чейин да айткам, азыр дагы мыйзам бузулуп жатканын баса белгилейм. Мыйзамга ылайык, Атамбаевдин кол тийбестиги бар жана аны андан ажырата алышпайт.

Суракка биринчи чакыруу келгенде Ички иштер министрлигине кат жолдогом, азыркы учурда экинчи чакыруу боюнча Тергөө башкармалыгынын башчысынын атына кат даярдап жатам. Бул катта да кайрадан мыйзам бузулуп жатканы тууралуу жазам", - деди жактоочу.



Буга чейин 8-июлда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына күбө катары суракка чакыртылган. Буга байланыштуу Атамбаев билдирүү таратып, суракка барбай турганын кабарлаган. Ошондой эле чакыруу кечээ кечинде да келип, анда Атамбаев кайрадан суракка чакыртылган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: