super.kg logo

Кыргыз тасмаларын жаратуу үчүн эң мыкты кино долбоорго сынак жарыяланды

 

Кыргыз улуттук көркөм тасмаларды жаратуу үчүн эң мыкты кино долбоорлорго сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кино долбоор социалдык маанилүү, заманбап тематиканы камтуусу, коомдун жалпы кабыл алынган, жарандык жана адеп-ахлактык идеалдарына туура келип, чыгармачылык өзгөчөлүккө жана таасирдүүлүккө ээ болуусу керек.

Тасмалар сынагын өткөрүү мөөнөтү 1 ай, тагыраагы, 2019-жылдын 8-июлунан 8-августка чейин.

Тасманын өндүрүшүн каржылоо мамлекеттик каржылык колдоонун эсебинен субсидия түрүндөгү толугу менен же жарым жартылай ишке ашырылат. Бул искусство жарышына менчик түрүнө карабастан Кыргыз өлкөсүндөгү бардык кинематография мекемелери жана кино долбоорлордун продюсерлери катыша алат.

Сынакты өткөрүүнүн мөөнөттөрү:

Биринчи этап – сынакка билдирмелерди кабыл алуу 2019-жылдын 8-июлунан 8-августуна чейин;

Экинчи этап – 2019-жылдын 23-августуна чейин Эксперттик комиссия тарабынан келип түшкөн билдирмелер каралып, сынактын жыйынтыктары чыгарылат.

Сурап-билүү телефону: 0312 30 10 42









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
11.07.2019. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол кинематографистер продюсерлерге айткыла уюштуруучу топ силердагы башканы коюп Манасты сериал кылып тарткыла дүйнө суктанган. Өтө бир чоң алкышка өмүр бою мактоодо өтөсүңөр өлсөңөр дагы элдин эсинде болосуңар. Бирок албетте жогорку сапаттуу деңгээлде тартсаңар. Курманжан Даткадай 2 сааттык эмтемей кылбай.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: