Балбандар Мээрим Жуманазарова менен Назира Марсбек кызы жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда финалга чыгышты
Мээрим Жуманазарова


Мээрим Жуманазарова

Назира Марсбек кызы
Таиландда өтүп жаткан күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда бүгүн, 11-июлда килемге кыздар чыгышты. Анда Мээрим Жуманазарова менен Назира Марсбек кызы өз салмак категорияларында финалга чыга алышты.
Учурдагы Азия чемпиону Мээрим Жуманазарова 68 килограмм салмак категориясында күч сынап, финалга чейин үй ээсинин жана кытай спортчусун ири эсепте жеңди. Эми финалда Кыргыз балбаны япондук спортчу менен кез келет.
Назира Марсбек кызы 59 килограмм салмакта вьетнамдык жана кытайлык атаандаштарын утуп, финалга чыкты. Алтын медаль үчүн индиялык спортчу менен күрөшөт.
Финалдар бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө башталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
NURSAPAR

11.07.2019. 14:55
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматтар!!!! Бар экен го жакшы жаңылык. Ийгилик!!!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.