super.kg logo
  Саясат  

Депутат Абдывахап Нурбаев: "Кремль Кыргыз өлкөсүнүн ички иштерине кийлигише албайбыз деп айткан". КҮНСОБОЛ

 

Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков Швейцарияда иш сапары менен жүргөндө Орусиянын башчысы Владимир Путин менен Москвада жолугушары белгилүү болду. Мындай иш сапар пландалып жатканы буга чейин айтылган эмес. Бүгүн, 11-июлда Кремлде алардын жолугушуусу өтөт. Орусиянын президентинин басма сөз кызматы анда эмне маселелер талкуулана турганын маалымдаган жок.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Путин Жээнбековду эмне үчүн жолугушууга чакырды деп ойлойсуз?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев жооп берди.

"Бул жолугушуу тууралуу алдын ала маалыматтар чыккан жок. Ошон үчүн билбей туруп бир нерсе айтыш кыйын. Жолугушууда эки мамлекеттин ортосундагы мамилелер жана кызматташтык каралышы мүмкүн. Буга чейин Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кыргыз өлкөсүнүн ички иштерине кийлигише албайбыз деп айткан", - деди Нурбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: