super.kg logo
  Саясат  

Президент Сооронбай Жээнбеков Владимир Путин менен жолугушту

 

Бүгүн, 11-июлда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин Москвада жолугушту. Бул тууралуу Кремлдин расмий сайты жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, Орусиянын президенти эки тараптуу алакалардын бүгүнкү абалы тууралуу сүйлөшүүгө убакыт тапканы үчүн Сооронбай Жээнбековго ыраазычылык билдирди.

Ал эми Жээнбеков кыргыз-орус мамилеси, достук жана өнөктөштүк ийгиликтүү өнүгүп жатканын айтып, буларга токтолду.

"Буга чейин Кыргыз өлкөсүнө болгон сапарыңыз жемиштүү болду. Анда 6 миллиард долларлык 50дөн ашык келишимге кол коюлду. Сиздин колдооңуз менен Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду натыйжалуу иштеп, Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигине адаптация болушу үчүн 200 миллион доллар бөлүндү. Биздин өлкөнүн бюджетине көрсөткөн колдооңузду жогору баалайбыз", - деди Жээнбеков.

Ошондой эле өлкө башчы Владимир Путинди Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун сессиясында күтө турганын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 10 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: