super.kg logo
  Саясат  

Экс-депутат Бактыбек Калмаматов: "Ата Мекен" оппозициядан дагы кандай оппозицияга кете турганы түшүнүксүз болууда". КҮНСОБОЛ

 

Ата Мекен" партиясынын мындан аркы позициясы анын лидери Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча соттун чечимине ылайык болот. Бул тууралуу "Азаттыкка" партиянын төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева билдирди. "16-июлда сот кандай чечим чыгарарын көрөбүз. Эгер адилеттүү чечим чыкпаса, оппозицияга өтөбүз. Бүгүнкү күндө биз оппозициядабыз деп расмий түрдө айта албайбыз", - деди Сасыкбаева. 16-июлда Жогорку Сотто Өмүрбек Текебаевдин иши жаңы ачылган жагдайлардан улам кайра каралат.

2016-жылы Текебаев баштаган "Ата Мекен" ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге каршы чыгып, оппозицияга өткөн. 2017-жылы Сооронбай Жээнбеков президенттикке шайлангандан бери партия ага каршы позициясын көрсөтө элек. Учурда "Ата Мекен" фракциясы "Өнүгүү-Прогресс" менен парламенттеги оппозициялык блокко кирет. Ал эми КСДП, "Республика-Ата Журт", "Бир Бол" жана "Кыргызстан" фракциялары коалициялык көпчүлүктү түзөт.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Текебаев акталбаса, "Ата Мекен" оппозицияга өтөрүн айтты. Анда буга чейин "Ата Мекен" оппозицияда болгон эмес деп кабыл алуу керекпи?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Бактыбек Калмаматов жооп берди.

"Ата Мекен" фракциясы Жогорку Кеңеште азчылыкты түзүп, оппозицияда калган фракция болуп саналат. Демек, фракция оппозицияда болсо, партия да оппозицияда болуп эсептелет. Себеби фракция менен партия бир түшүнүк. Анан оппозициядан дагы кандай оппозицияга кете турганы учурда түшүнүксүз болууда.

Мен "Ата Мекен" партиясынын саясий кеңешинин мындай билдирүүсүн эч жерден окуй элекмин. Балким, бул Асия Сасыкбаеванын жеке пикири, анын көз карашы. Мындай билдирүүнү партиянын атынан сүйлөй турган партиянын төрагасы, саясий кеңеши жана Жогорку Кеңеште фракциянын лидери бар. Ал эми Сасыкбаеванын ою эмнени билдирет, мен аны түшүнгөн жокмун жана ал билдирүү юридикалык күчкө ээ эмес", - деди Калмаматов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: