super.kg logo

Бишкекте чак түштө бычак менен коркутуп, акча жана телефонду тоноп кеткен деген шек менен эки жаран кармалды

 

Бишкектеги Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери тоноого шектелген эки жаранды кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-июль күнү Биринчи Май РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө шаар тургуну кайрылган. Анда жабырлануучуну саат 15:00 чамасында Манас-Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз жарандар бычак менен коркутуп, Редми А-6 телефонун жана 20 миң сом акчасын тоноп, белгисиз тарапка из жашырып качып кеткенин айтып, чара көрүүнү суранган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 202-берене "каракчылык" менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 19 жаштагы Д.А. жана 17 жаштагы Т.А. шектүү катары кармалган. Учурда шектүүлөр Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери башталганы жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
12.07.2019. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушунча болуптур банк тонобопсунар
12.07.2019. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Арам тамактар адал иштеп таппайсынарбы?
13.07.2019. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иштей турган кезинер экен адал иштеп таппайсынарбы бул иш мн коп узабайсынар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: