super.kg logo

Жаштар китеп окууну жайылтуу максатында "Ала-Тоо" аянтында акция өткөрүшүүдө

 

Жаштар китеп окууну жайылтуу максатында күн сайын саат 18:00 жана 20:00 аралыгында "Ала-Тоо" аянтында акция өткөрүп жатышат. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Мунарбек Базаркул уулу бүгүн, 13-июлда SUPER.KG порталына билдирди.

Ал иш-чара аркылуу коомчулуктун көңүлүн жакшы жакка бурууга жетишебиз деген ишеничте. "Кыргыз өлкөсүндө "Бир адамдан бир китеп" деген долбоор иштеп жатат. Достор арасында "аймактарда китепканалар жаңыланууда, бирок окууга болгон кызыгуу кандай болуп жатат" деп сүйлөшүп калдык. Анан китеп окууга болгон кызыгууну арттыруу максатында иш-аракеттерди жасап жүргөндө акцияны баштай турган болдук. Борбордук аянтка кечке жуук сейилдөөгө чыккандар көптүгүн, отурганга ыңгайлуу жерлер бар экенин эске алып ошол жерде уюштуруп баштадык. Акцияны күн сайын өткөрүүгө аракет кылып жатабыз. Алгач 7 адам менен баштаганбыз, кечээ 50-60ка жетти. Маалыматты жайылтып жатканда китеп ала келиңиздер деп жатабыз. Уюштуруучулар да өзүбүз менен кошо 5-6 китеп алып барып, жаңы кошулгандарга бердик", - деди ал.

Ошону менен бирге "Китеп окуу сааты" акциясы Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарында өткөрүлүп жатканын кошумчалады.

"Борбордук аянтта китеп окуп жатканыбызда Америкадан келген турист келди. Ал арабызга кошулуп, кыргыз тамгаларын үйрөнүп, бир абзацтан китеп окуп кетти. Өлкөбүздө жүргөнүнө бир жума болуптур. Китеп окуп отурганыбызды көрүп, кубанып жакшы баа берди", - деди Мунарбек Базаркул уулу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
13.07.2019. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматтар
13.07.2019. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окуй турган адам үйүндө окуйт. Пиарщиктер!
13.07.2019. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азыркы жаштардын башына автомат такасаңда окушпайт интернет ит бекер болуп атканда)). " Атсаң атып эле салчы, бирок Китеп окубайм" деп ишенимдүү айта алышат, почти өлүмдөнда Китеп окуу оор алар үчүн)).
13.07.2019. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
JENTLEMAN,кой андай дебе биз акча коротуп сатып алып эле окуп жатабыз го,мен алган китеп дуконунон башка дагы жаштар коп эле алган.
13.07.2019. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyz_bloger, Тоесть силерди кошпогондо көпчүлүк жаштар)).
13.07.2019. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Китеп не ал биринчи угушум
13.07.2019. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Chungyz,китеп деген нан же шокалад эмне ошонуда билбейсинби.ото окунучтуу какшыктап сураганын.эх Кыргызым кайда баратабыз.Манасты оку ошондо китеп эмне экенин билесин
13.07.2019. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Китеп менин акылым,китеп менин жакыным.Китеп менин жан дуйном.Китеп менин бар болгон байлыгым.Китеп мага Аа тамгасын тааныткан асылым.эх китеп жонундо айта берсен айта берсен озунчо бир томго.
14.07.2019. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красавчик мунарбек .(тумурай)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: