super.kg logo

Ошто 36 жаштагы жаран таякесин өлтүрүп, Орусияга качып кеткен деп шектелүүдө

 

Ош шаарында 36 жаштагы жаран таякесин өлтүрүп, Орусияга качып кеткен деп шектелип жатат. Азыркы тапта аны кармоо боюнча иш-аракеттер жүрүүдө. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 27-мартта Ош шаарынын 60 жаштагы тургуну милицияга кайрылган. Ал 55 жаштагы иниси 10-марттан бери дайынсыз экенин айткан.

"Тергөө иштеринин алкагында 9-июлда 30 жаштагы А.Ж. күбө катары суракка чакырылып, көрсөтмөсүндө 36 жаштагы жаран таякеси менен уруша кетип, аны бычактап салганын айткан. Андан соң таякесинин денесин Кара-Суу районундагы дарыянын жээгине көмүп койгонун билдирген. Күбө өзү денесин көмүүгө жардам бергени белгилүү болгон. Ал айткан жерден маркумдун денеси табылган. Маркумдун туугандары кийимдер дайынсыз болуп жаткан жаранга таандык экенин ырасташкан. Факты боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, А.Ж. эки айга камалды. Тергөөнүн жүрүшүндө таякесин өлтүргөнгө шектелген адам Ош шаарындагы апасына таандык болгон үйдү сатып, Орусияга кетип калганы белгилүү болду. Азыркы күндө шектүүнү кармап, алып келүү боюнча иш-чаралар жүрүп жатат", - деп билдирет Ош ШИИБи.

Адам өлтүрүүгө шектүүлөрдүн бири.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(3)
13.07.2019. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Адам өлтүрүү тоок сойгондой эле болуп калды тообо. Эртенин ойлошпойт экен да.
Өлүм жазасын киргизүү керек, күндөн күнгө көбөйүп барат, зөөкүрлөр кескин азаймак деп ойлойм.
13.07.2019. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туугандардан окшойтко
14.07.2019. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
11 ди бутуп армиядан качып москвага кеткен оштуктарда коп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: