"Агамды жоготконума ишене албай турам". Ырчы Мирбек Иманбековдун бир тууган агасы сууга чөгүп каза болду
Ырчы Мирбек Иманбековдун бир тууган агасы сууга чөгүп каза болду. Бүгүн, 15-июлда маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болгонун айткан ырчы буларга токтолду.
"Бир тууганымды жоготконума дагы деле ишене албай турам. Агам үй-бүлөсү менен Талас шаарында жашачу. Үйүнөн анча алыс эмес жерде суу бар экен. Дайыма эле ошол сууга түшүп жүрүптүр. Кырсык болгон күнү дагы сууга түшкөнү барыптыр. Агамдын жансыз денесин 1-2 бала көрүп, суудан алып чыгышкан. Жанында эч кандай документтери болбогондуктан алар милицияга кабар беришкен. Милиция кызматкерлери бизге маалымдашты. Айыл аксакалдары менен кеңешип агамдын сөөгүн бүгүн, 15-июлда туулуп-өскөн айылыбызга жерге берип келдик", - дейт ал.
Ырчынын агасы Кылычбек Иманбеков 1978-жылы туулган. Анын артында жубайы жана 2 баласы калды.
10-июлда Талас шаарынын Жетиген аймагынан жашы болжол менен 40-45теги эркек кишинин жансыз денеси табылып, жакындары изделип жатканы маалымдалган.
SUPER.KG порталы Мирбек Иманбековго жана маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Ырчы Мирбек Иманбековдун агасы сууга чөгүп каза болду



Бейиштен орун берсин!
Супердин журналисттерине таң калып жатам.Мирбек агасын жоготуп,кайгырып жаткан убакта кантип маектеше койдунар?