super.kg logo

Cааты чыкканы калды: Абылгазиевдин өкмөтү “Кумтөр” боюнча кандай чечет?

 

Июлдун аягында Кыргызстан менен “Центерранын” ортосундагы стратегиялык макулдашуу толук кандуу иштеп баштайбы белгилүү болот.

2017-жылы экс-премьер-министр Сапар Исаков менен “Центерранын” аткаруучу директору Скотт Перри кол коюшкан “Кумтөр” боюнча стратегиялык макулдашууну эң ийгиликтүү деп аташкан.

Кыргыз тараптын шарттарына ылайык, канадалык алтын казуучу компания жаратылышты коргоочу иш-чаралар саясатында жоопкерчилигин күчөтүп, бул жааттагы төлөмдөрдү 3 миллион долларга чейин көтөргөн. Андан сырткары, инвесторду Ысык-Көлдүн экологиялык көйгөйлөрүнө да көңүл бурдурган, маселен, жылда туристтик сезон башталганда аймактагы тазалоочу курулмалардын мышык ыйлаган абалдары талкууланат. Ошондой эле онкологиялык илдетке чалдыккан бейтаптар үчүн тиешелүү медициналык жабдуулардын жоктугу да көйгөй. Бул эки маселеге инвестор 60 миллион доллар бөлүүгө милдеттендирилген.

Сүйлөшүүлөр ийгиликтүү жүрүп баштагандыктан “Центерра” кенде геологиялык чалгындоо иштерин кайра жандандырып, 2 жылдык программага жалпы 24 миллион доллар чегерген. Кендеги иштетүүнү дагы 5-6 жылга узартууга толук мүмкүн. Муну Өкмөт жакшы түшүнөт. Анда азыркы министрлер кабинетин мурунку премьер-министрдин аткарган иши эмнеге канааттандырбайт?

Бир жылдай мурун Абылгазиевдин өкмөтү инвестициялык долбоор боюнча сүйлөшүүлөрдү кайра баштап, Стратегиялык макулдашуунун аткаруу мөөнөтүн бир канча жолу жылдырылган. Бул сүйлөшүүлөр жөнүндө министрлер кабинетиндеги мүчөлөр эч сөз айтышпайт, бирок бул процессти байкаган эксперттер жана саясатчылар ар түрдүү жоромолдошууда.

Кээ бирлер бул сүйлөшүүлөрдүн акыркы чечими узартылып жаткандыгы Өкмөттүн өтүмү жок, алсыз жана принципке тура албагынан кабар берип, жоопкерчилик алуудан коркуп жаткандыгын айтышат. Башкалар бул жакта жеке кызыкчылыктар турганын, коррупция бар болушу мүмкүн дешет. Үчүнчүлөр (бир жагынан туура эле) “Кумтөр” эбак экономикалык долбоордон саясий күрөштүн куралы катарына айланып кеткендигин белгилешет.

Бирок министрликтин инвестор менен эч кандай келишпестик жок экендиги жана Кыргызстан канадалык өнөктөш менен иштөөнү улантары тууралуу аз да болсо билдирүүсү менен “Кумтөрдүн” келечегине ишенүүгө болот. Муну премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин ишкананын ишмердүүлүгүн 2035-жылга чейин эсептегени жана инвестордун геологиялык чалгындоого коркпой-этпей кошумча каражат жумшап жаткандыгы далил.

Мүмкүн, чечүүчү убакыт, 31-июлда аткаруу мөөнөтүнүн убактысы келип калганда өкмөт эзелки өнөктөшү менен болгон бардык талаштарды чечип, келишимдеги макулдашуулар боюнча иштеп баштайт?

Бул абалды белгилүү фразанын мындай айтылган жарашат: Үч нерсени чексиз карап турса болот: оттун жалындаганын, суунун акканын жана “Кумтөр” боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүн. Бирок бул сүйлөшүүлөр улам узартылып, керектүү суроолор чечилбей жаткандыктан мамлекет эч нерсе утпайт. Социалдык жактан да, финансылык, жаратылышты коргоо жагынан да.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
16.07.2019. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каймагын Канада жеп бутту,бизге уусу калды
16.07.2019. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХХХ биздин аттуу баштуулар. Силерде деги намыс барбы ай чондор коншу олколорду карагылачы Узбекистан 80 гектар жерге гилтейген 'TASHKEHT CITY' имараттарды салып жатат.
Модератор admin_portal түзөттү 2019-07-16 11:29:56
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: