Аксыда мал уурулукка шектелип өзбекстандык жаран кармалды
Жалал-Абад облусунун Аксы районунда мал уурулукка шектелип Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Өзбек Республикасынын Наманган облусунун 23 жаштагы М.Б аттуу тургуну мал уурулукка шектүү катары кармалган.
"Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү шериктери менен бирге бир топ кылмыштарды жасагандыгы аныкталды. Тактап айтканда, Аксы районунун аймагындагы 16 мал уурулук фактысынын бети ачылган. Жалпы 44 уй жана 16 баш жылкы уурдашкан. Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын алкагында 4 уй жана 4 баш жылкы өз ээлерине кайтарылды", - деп билдирет басма сөз кызматы.
2019-жылдын 6 айында Жалал-Абад облусунун аймагында жалпы 118 мал уурулук фактысы катталып, анын ичинен 103 кылмыштын бети ачылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(4)
Myrza.aksy

15.07.2019. 13:21
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
103 мал уурулуктун бети кагаз турундо ачылыптыр фактически бироосуда ачыла элек
jeenkulov91

15.07.2019. 14:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Беш алты баш уурдатышып таппай калгандар толтура. Кылмыштын качан ачып кимге кайтарып беришти экен???
ninja82

15.07.2019. 14:49
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
чек араны тактап тосбосо,коп мал жоголотго дагы
Nursultan.92

15.07.2019. 18:54
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аксынын кайсыл жагында экен тактап жазгылачы сураныч
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.