Бишкекте “Аптап таймаштары” мелдешинин 1-күнкү оюндары болду
Таймаштын 1-тапшырмасы Аламан байге
Таймаштын 1-тапшырмасы Аламан байге
1-тапшырмага аталар жана балдар катышып, баллон менен суу үстүндө жарышты
Свердлов жана Октябрь райондорунан келген командалар жарышууда
Актёр Эркин Эгембердиев Октябрь районунан келген "Деңиз" командасын толуктады
Жарыш учурунан
1-тапшырмада актёр Камчы Сарыбаев капитандык кылган Свердлов районунун "Алтын балык" командасы жеңди
2-тапшырма апалар жана кыздар арасындагы Аламан байге
Октябрь районунан келген команда жарышка даяр
Жарыш учурунан
Жарыш учурунан
2-тапшырманы да "Алтын балык" командасы жеңип кетти
Кийинки тапшырмада балдар аталардын моюнуна отуруп, сууда эр эңишти
Эр эңиш тапшырмасында
Жарыш учурунан
Командалар бири-бирин сүрөп, кол чаап коштоп жатышты
Эр эңиш тапшырмасы кызыктуу жүрүп, жеңишке "Деңиз" командасы жетишти
Апалар менен кыздар ортосунда аркан тартыш тапшырмасы болду
Аркан тартыш тапшырмасында
Бүгүн, 5-августта балдардын жайкы эс алуусун камсыз кылуу максатында Бишкек
шаардык мэриясы, Бишкек шаардык дене-тарбия жана спорт комитети жана КТРК биргеликте
уюштурган “Аптап таймаштары” аттуу спорттук суу үстүндө мелдештин 1-күнү болуп
өттү. Асанбай кичи району №13 дарегиндеги бассейнде өткөрүлгөн таймашка шаардын
Свердлов, Октябрь, Биринчи Май, Ленин райондорунан тандалган командалар катышты.
Таймаш 6 тапшырмадан туруп, суу оюндары кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусу
менен коштолду. Мелдештин 2-күнү эртең,
6-августта уланып, жыйынтыгында жеңүүчүлөр дипломдор, медалдар жана баалуу
сыйлыктар менен сыйланышмакчы.
Автор: Ширин Турдакунова
Фото: Ширин Турдакунова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:20
2025-10-31
8:20
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















