super.kg logo

Лос-Анжелесте абанын температурасын төмөндөтүү үчүн жолдорду ак түскө боёо долбоору башталды

 

АКШнын Калифорния штатындагы Лос-Анжелес шаарында асфальт жолдорду ак түскө боёо иштери башталды. Бийлик муну менен катуу ысыктан коргонуунун алдын алып жатканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Лос-Анжелестин мэри Эрик Гарсетти жолдорду ак түскө боёо долбоорун ишке ашырууну колго алган. Жолдорду ак түстөгү сыр менен каптоо CoolSeal деп аталып, авиабазанын инженерлери тарабынан иштелип чыккан. Тагыраагы, CoolSeal учуучу аппараттардын ысып кетпөөсү үчүн иштелип чыккан. Кийинчерээк кимдир-бирөөлөр сырды жолдорду салкын кармоо үчүн колдонсо болорун ойлоп чыккан. Алгач Лос-Анжелестеги ысык аймактарга эксперимент жүргүзүлүп, анда унаа токтотуучу жайдын бөлүгү ак сыр менен боёлгон. Натыйжада ак түскө боёлгон жолдун температурасы 6 градуска төмөндөгөн.

Азыркы тапта шаар мэри алдыдагы 20 жылга чейин абанын температурасын 1-2 градуска төмөндөтүүнүн үстүндө иштеп жатат. Ошондой эле мэр шаар тургундарын бак-дарактарды тигүүгө, үйдүн чатырларын ак түскө боёого чакырган.

1 миля (1 чакырым 600 метр) жолго 40 миң доллар каражат сарпталары айтылган. Боёлгон жол 7 жылга чейин кызмат кылат. Жолдордогу абанын температурасы төмөндөсө тургундардын өмүрүнө коркунуч жаралбайт, электр энергиясы дагы аз сарпталат.

Кара түс жылуулукту өзүнө тартып алып, температуранын жогорулашына алып келет. Ал эми ак түс ультра сыя-көк нуру менен чагылышып, жылуулукту азайтат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(4)
15.07.2019. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Булардын краскалары 7 жыл кызмат кылса, биздин асфальт 2 жыл аран чыдайт. Биз деле асфальт салбай эле жолдорду ак краска менен боесок жок дегенде 5 жылга жетип беретго?! Краска арзан асфальтка караганда жана 5 жыл кызмат кылат!!! Анданда жайында 6 градуска томон температура...
15.07.2019. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
tular,а жок биздикилер ошол красканы да жеп салат анан 3 кунго да чыдабайт
15.07.2019. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
tular,асфальт жок болсо эмнени краскалайбыз?
15.07.2019. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Aman_Mansurov,Айыл жергесинде го күн Бишкектегидей ысыбаса керек. Бишкекте бүт эле жери асфальт го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: