Африкадан Европага бара жаткан кайык сууга чөгүп кетип, 82 мигрант каза болду
Африкалык мигранттар бара жаткан кайык сууга чөгүп кетип, 82 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя 4-июлда Туниске жакын жерде орун алган. Анда мигранттар бара жаткан кайык сууга чөгүп кетип, 82 адам дайынсыз жоголгон.
"Буга чейин дайынсыз жоголгон 82 мигранттын жансыз денелери суудан чыгарылды. Кийин белгилүү болгондой, кайыктагылар Ливиядан деңиз аркылуу Европага бара жаткан мигранттар болгон. Кайык аңтарылып кетип, сууга чөккөн учурда анда 90 адам болгону айтылууда, кырсыктан 8 адам аман калган", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:19
2025-06-26

10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.