super.kg logo

Бишкекте "Хизбут-Тахрир аль-Исламинин" жергиликтүү лидери кармалды

 

“Хизбут-Тахрир аль-Ислами” диний экстремисттик уюмунун активдүү лидерлеринин бири Жалал-Абад облусунун 41 жаштагы М.М. аттуу тургуну кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал 2018-жылдын ноябрь айынан баштап "Экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, жайылтуу, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисттик же террористтик уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайылап колдонуу" беренеси боюнча издөөгө алынган.

Кармоо учурунда М.М. аттуу жаран каршылык көрсөткөн. Шектүүнү текшерүү учурунда “Хизбут-Тахрир аль-Ислами” диний экстремисттик уюмга таандык адабияттар менен электрондук материалдар табылган. Алынган адабияттар менен электрондук материалдар далил зат катары тергөө органына өткөрүлүп берилип, тиешелүү соттук-теологиялык экспертизалар дайындалган. Кармалган жаран Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Болжолдуу маалымат боюнча, М.М. укук коргоо органдарынан жашырынып алып, Жалал-Абад, Чүй облустары менен Бишкек шаарынын аймагында “Хизбут-Тахрир аль-Ислами” диний экстремисттик уюмунун экстремисттик ишмердүүлүгүн жайылтып келген. Ошондой эле жакыр жашаган жарандарды үгүттөө менен алектенип, андан сырткары республиканын аймагында экстремисттик идеологияны жайылтуу планын ишке ашырууну талкуулашкан экстремисттик көмүскө жайдын башчыларынын чогулуштарына катышып келген.

2019-жылдын 26-июнь күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук соту тарабынан М.М. аттуу жаранды бир айга тергөө абагына камакка алуу чечими чыкты. Азыркы учурда тиешелүү атайын тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
15.07.2019. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Анан?
15.07.2019. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жетеш жексурлар ушулардан чыгат жаман нерселер
15.07.2019. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Батукаевдей болуп чыгып кетпесин
16.07.2019. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Диний радикалдардын баарын камаш керек ((
16.07.2019. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ашынган исламчыл фанат болбойлу. Жөнөкөй эле адам бололук. Диний фанат болуудан пайда жок.
16.07.2019. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Чоло молдо дин бузаарлар толуп кетти. Араб пакистандын жалган идеялогияларын Кудайдын созу деп элди алдап жатышат.
16.07.2019. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Элде дагы куноо бар. Вотсаптан 7 адамга жонот анан жолун ачылат ийгилик келет десе жоното бергендей. Ушундайлардын созуно да ишенип турция сирияга кетип терорист болуп кетип жатат
16.07.2019. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ислам динин толук тушунбогондор ушунтип ар кандай туура эмес уюмдарга кошулуп жатышат. Анан динди жаманаты кылып жатышат. Ислам дин бул эн таза дин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: