Ысык-Көлдө дайынсыз болуп жаткан 5 жаштагы казак бала аман-эсен табылды
Ысык-Көлдө эс алуу учурунда дайынсыз болуп кеткен 5 жашар бала туристтик милиция кызматкерлери тарабынан табылды. Ал ата-энеси менен Казакстандан келгенин Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Кечээ, 15-июлда Бостери пансионатында Казакстандан келген эс алуучулар туристтик милицияга кайрылышкан. Алар 2014-жылы туулган Т.З. аттуу баласы кум жээктен жоголуп кеткенин айтышкан. Туристтик милиция кызматкерлери ыкчам издөө иштерин баштап, Бостери пансионатындагы кум жээктердин баарын карап чыгышкан. 1 сааттан кийин дайынсыз болуп жаткан бала аман-эсен табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилген", - деди басма сөз кызматы.
Бостеридеги пляждардын биринде дайынсыз жоголгон Казак бала табылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
3

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.