super.kg logo
  Саясат  

Бүгүн Өмүрбек Текебаев үй камагына чыгарылышы мүмкүн

 

Бүгүн, 16-июлда саат 16:00дө Жогорку Сотто Өмүрбек Текебаевдин иши жаңы ачылган жагдайлардан улам кайра каралат. Анда жактоочулар экс-депутаттын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү өтүнүшөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Ата Мекен" партиясынан билдиришти.

Маалым болгондой, эгер Жогорку Сот буга чейинки бардык чечимдерди жокко чыгарып ишти кайра кароого жөнөтсө, Текебаев үй камагына чыгарылышы мүмкүн. Аны колдоо үчүн 100гө жакын тарапташы Жогорку Соттун алдында чогулары күтүлүүдө. Учурда Текебаев Бишкектеги №4 ооруканада дарыланууда.

2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура тарабынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүп берилген. Бул иш боюнча Текебаев 8 жылга эркинен ажыратылган.

Башкы көзөмөл органдын берген маалыматы боюнча, ага орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: