super.kg logo
  Саясат  

Депутат Алмамбет Шыкмаматов: "Жогорку Сот Өмүрбек Текебаевдин ишин изилдегенге дагы 1 ай убакыт керек дегени түшүнүксүз болуп жатат"

 

Бүгүн, 16-июлда Жогорку Сотто Өмүрбек Текебаевдин иши жаңы жагдайлардын негизинде каралмак. Бирок сот отуруму 21-августка саат 16:00гө жылдырылды. Депутат Алмамбет Шыкмаматов соттук отурумдун эмне себептен жылганын айтып берди.

"Төрагалык кылуучу судья иш көлөмдүү, иш менен таанышуу керектигин айтты. Жаңы жагдайлар боюнча тийиштүү суроолорду жибергенин, ишти изилдегенге убакыт керек деген жүйө менен сотту жылдырды. Биздин жактоочулар жаңы жагдайлар боюнча документтерди сотко 3-4 ай, прокуратурага 5 ай мурда берген. Бирок дагы 1 ай убакыт керек дегени бизге түшүнүксүз болуп жатат", - деди ал.

2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура тарабынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов камалган.
Бул иш боюнча Текебаев менен Чотонов 8 жылга эркинен ажыратылган.

3-майда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра карап, үй-мүлктү конфискацияга алуудан тышкары өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: