super.kg logo
  Саясат  

Экс-депутат: "Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча адилеттүү чечим чыгарына көзүм жетпей калды"

 

"Өмүрбек Текебаевдин иши бир саатта чечиле турчу маселе, бирок бул иш боюнча адилеттүү чечим чыкпайт" деп бүгүн, 16-июлда SUPER.KG порталына экс-депутат Асия Сасыкбаева билдирди.

"Жөн эле жылдырып жатат, бүгүнкү соттук отурум бул иш боюнча акыйкаттуу чечим чыкпаарынан кабар берди. Акыйкат чечимдин чыгарына азыр көзүм жетпей калды. Эки ай убакыт аралыгы жаңы жагдайлар менен таанышып чыгууга жетиштүү убакыт болчу. "Убакыт аз болду" деп айткандары бул жөн гана шылтоо. Өмүрбек Текебаевдин ишин азыр мектеп окуучулары деле билип калды.

Иште математикалык маселелер жок болчу, бул ЖЭБ же Дача-СУ маселеси эмес. Бул бир Орусиядан келген шылуундун көрсөтмөсүнүн негизинде ачылган эле иш болчу. Маселени бир саатта да чечип коюуга болот, бирок мен бүгүнкү соттук отурумдан кийин сот адилеттүү болбойт жана Өмүрбек Текебаевди жакын арада чыгарбайт деген ойго токтолдум", - деди Сасыкбаева.

Бүгүн, 16-июлда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун жактоочуларынын арызынын негизинде ишти кайра карамак. Бирок судьялар "иш менен таанышууга убакыт аз болду" деген себеп менен соттук отурум 21-августка жылдырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: