Солтон-Сарыдагы жардыруулар. Окуянын чоо-жайы






Социалдык тармактардын колдонуучулары Солтон-Сары жайлоосундагы жардыруулардын видеолорун интернетке жарыялашкан. Ошондой эле видеодо кой-эчкилердин өлүп жатканын көрүүгө болот. Мындан улам социалдык тармактардын колдонуучулары малдын өлүп жатышына Солтон-Сары алтын кениндеги жарылуу себеп болушу мүмкүн деген пикирлерин айтышууда.
Мындан улам Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Нарын аймактар аралык мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Улан Жаанбаев төмөнкүчө билдирүү таратты.
"Бүгүн, 16-июлда жарылуу болгон фирмага Нарын районунун акими, ветеринардык лабораториянын, айлана-чөйрө коргоо мекемесинин жана экотехинспекциянын кызматкерлери барып келишти. Ошондой эле Он-Арча, Эмгекчил жана Миң-Булак айыл өкмөттөрүнүн тургундары да барышты. Жардыруунун курамында кадимки эле селитра, күйүүчү май жана аммонит болгон. Фирма аталган жерден алтындын корун издеп, чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн жардыруу кылган. Мындан ары да мындай жардыруу болушу мүмкүн.
26-июнда Мамлекеттик экотехинспекция аталган жердин топурагын жана суусун текшергенде таза чыккан. Ал эми интернетке чыгып жаткан кой-эчкилердин өлүп жатканы боюнча Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекция клиникалык кароо жүргүзүү үчүн атайын өзүнчө бөлүнүп кетишкен. Алар кой-эчкилер боюнча өзүнчө маалымат беришет.
Негизи кенди иштетип жаткан фирмага октябрь айында толук түрдө пландык текшерүү өткөрүлмөк. Бирок биз бул окуядан кийин тийиштүү жерлерге кат жолдодук. Эгер алар уруксат берсе, анда жакынкы күндө атайын текшерүүгө алынат. Текшерүүдө жердин берилиши, экологиялык талаптардын сакталышы, суунун колдонулушу, кен байлыктарды изилдөөнүн шарттарынын аткарылышы, эмгек келишиминин түзүлүшү жана жумушчулардын эмгек укуктарынын сакталышын карайбыз. Эгер бузуулар аныкталса айыптар салынып, доо коюлуп, андан сырткары эскертме жазуу берилет. Эгер алар аткарылбаса укук коргоо органдарына иш өткөрүп берилет. Ошондой эле эртең борбордук аппарат жетекчиси баш болгон комиссия Солтон-Сарыга келип, окуя менен таанышат", - деди Жаанбаев.
Ал эми Нарын облустук ветеринардык лабораториясынын жетекчисине байланышканыбызда кой-эчкилердин өлүп жатышы боюнча маалыматтар эртең, 17-июлда бериле турганын айтты.
Солтон-Сарыдагы "Jhong ji Mining" кен казуу фирмасы Мамлекеттик геология агенттигинен 2012-жылы лицензия алган. Анын негизинде быйыл фирма кен иштетүүчү комбинат курууну пландоодо.
Солтон-Сары жайлоосундагы жардыруу


1 |