super.kg logo

Адвокат: "Сот Садыр Жапаровду шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда абактан бошотуудан баш тартты"

 

Бүгүн, 16-июлда Садыр Жапаровдун иши боюнча сот болду. Бул тууралуу анын адвокаты Шарабидин Токтосунов билдирди.

Анын айтымында, Жаза аткаруу мекемеси Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотуна мунапыс боюнча "3 жыл 4 айы кыскарат, ушуну кыскартып бергиле" деп төмөндөгү сунуш менен кайрылган.

"5-июль күнү эртең менен сот болуп, 10 мүнөттө карап койчу ишти түштөн кийинкиге жылдырган. Түштөн кийин 15-июлга жылдырган. Кечээ дагы ар кандай шылтоолор менен бүгүн эртең мененкиге койгон. Эртең менен кайрадан түштөн кийинкиге калтырып, көпкө ойлонгон чечимин чыгарды.

"Мунапыстын мөөнөтү өтүп кетти" деген шылтоо менен Аламүдүн соту Байсов Садыр Жапаровдун 3 жыл 4 айын кыскартуудан баш тартты. Ушул эле мунапысты кечээ эле Кубан Кадыров, Талгарбеков, Бектур Асановго райондук сот колдонуп чыгарган. Текебаев менен Чотоновду 8 жылга соттоп, сот залынан эч кандай мөөнөтү өтүп кетти дебестен, ушул эле мунапысты колдонуп, 3 жарым жылын алып, 4 жарым жыл жаза мөөнөт берилген. Текебаев менен Чотоновдун өкүмүндө баары жазылып турат. Мына ушундан улам биздин өлкөдө кош стандарттуулук өкүм сүрүп жатат десек эч жаңылбайбыз. Текебаев, Чотонов, Кадыров, Асанов, Талгарбековго мунапыс иштеди, Садыр Жапаровго иштетпей коюшту. Мыйзам иштегенде бүгүн Садыр Жапаров шарттуу түрдө абактан боштондукка чыкмак. Тилекке каршы, чыкпай калды.

Бул эмненин белгиси? Бул деген сот чечпейт, башка жактан буйрук келет деп билсек болот. Садыр Жапаровдун чыгышынан эмнегедир коркуп жатышат. Ал эми жаңы жагдай боюнча далилдерибиз толтура. Бирок сотко кайрылган менен баары бир адилеттүү чечим чыкпайт деп кайрылбай турабыз. Кудай буюрган күнү баары бир чыгат", - деди Токтосунов.

Окуянын чоо-жайы:

Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы башаламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып камакка алынган. 2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот күчүндө калтырган. Жаңы ишке кирген Кылмыш жана Кылмыш-процессуалдык кодексине байланыштуу Жапаровдун иши 23-апрелде каралып, кайра 30-апрелге жылдырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Комментарийлер(18)
16.07.2019. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-26
Садыр Жапаровдун кылган кылмышы кылмыштын оор түрү болуп эсептелет, жөн эле элдин башын айланта берет да ушул адвокаттар...
16.07.2019. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
aydinnur, сага окшогон элдин тагдырын кыпындай ойлоп койбогон, ак менен караны айырмалап билбеген ХХХХ айынан Кыргызстандан 20 30 жылга артка калып отурат
Модератор admin_portal түзөттү 2019-07-17 12:16:24
16.07.2019. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
Qwer007, сага окшогон саясаттын ссын түшүнбөй,элди кошо ала жаткан жарандардын айынан кылмышкерлерди колдоп жатабыз..Айлына барсаң айтып берет,бир тууган Жапаровдор шахтаны кантип талкалаган..
17.07.2019. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
aydinnur,оздон чыккан жат жаман деген ошода кылымдан бери сага окшогон оз элин саткандардардын айынан кыргыз ар кимге кун карама болуп келе жатат..
16.07.2019. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
aydinnur,кандайча оор,митинг кылуу кылмышпы мыйзам боюнча ар бир адам митинг откорууго укуктуу,ал эми губернаторду барымтага алган деген боюнча Каптагаев менин доом жок деген жана мени машинага салып кармагандар ошол кездеги ГКНБ да иштегендер тааныйм деген бийлик озу уюштурган театр болгон.
16.07.2019. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Kyrgyz_bloger, кудай сактааа))) жанында турган кишидей сүйлөдүң го)) Каптагаев жеке адам катары доом жок, калганын мыйзам аркылуу жооп берсин деген..калп десең фдан башталган социалдык тармакта ХХХХ ар ким менен жазышып олтурат, сурасаң жооп берсе керек..
Модератор admin_portal түзөттү 2019-07-17 12:19:29
17.07.2019. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
aydinnur,Садыр Жапаров кылмыш кылганбы?
17.07.2019. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
erjigit-e.15,адамды барымтага алууну уюштуруу кылмыш эмей эмне?
16.07.2019. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Соттор да Жексур болуп тугонгон
16.07.2019. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул деле бир Атамбаевдин адамыда каалагандай калчап азыр эл үчүн иштеген киши жок баары эле бийлик үчүн
16.07.2019. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кыргыздар озу убалы жок эл экенбиз, элди ойлогондун козун тазалап, озун гана ойлогондорду, кичине тамак берсе тымпыйып колдоп...
16.07.2019. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кыргызстанда адилеттүү сот жок деле болсо керек. Сот бир гана карапайым адамга өз ою менен чечим чыгарышы мүмкүн анда да акчасына карап. А Текебаев Жапаров өңдүү адамдарга сот эч убакта өзу билип чечим чыгара албайт күчү дагы жетпейт баягы эле жогору жакты карайт. Жээнбеков ак десе ак көк десе көк болот. Бирок Аллахтын сотунун корккула ал күн дагы келет
16.07.2019. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
соттор оздору мыйзамга таянып чечим чыгара албагандан кийин эмнечун айлык жеп отурат
17.07.2019. 08:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен президент болгонумда жапаровду пример министер Текебаевди соттордун чону кылат элем
17.07.2019. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
С.Жапаров Кумторду алып озу жалгыз иштетмек беле, ал деле башка олкого бермек Кытай сыяктуу.
17.07.2019. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жапаров буйруса акталат булардын баарын камаган Атамбаев каалагандай тайрандап журот
17.07.2019. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Жапаровду коп ак карга кыла бербегиле. Арманынарды АТамбаевге айткыла
17.07.2019. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай сотторду сразу тыгыш керек еле мыйзам иштегенде. Ак ийилет бирок сынбайт. Жапаров акталат Иншалла.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: