super.kg logo
  Саясат  

Декларация: ЖКнын депутаты Феликс Кулов "бир жылдык кирешем 954 917 сом" дейт

 
Жогорку Кеңештин депутаты Феликс Кулов тапшырган декларациясында 2012-жылдагы кирешеси 954917 сом экенин көрсөттү. Депутаттын 200 чарчы метр аянтты ээлеген 1 үйү бар, өзү кайсы бир компаниянын 20 пайыздык акциясына ээлик кылат. Куловдун жакындары 2012-жылы 1 807 419 сом киреше тааптыр. Ал эми алардын кыймылсыз, кыймылдуу мүлктөрү булар: 500 чарчы метр жердеги имарат, 351 чарчы метр жерди ээлеген үй, 57,9 чарчы метр аянтты ээлеген батир, 710 чарчы метр жердеги курулушу бүтө элек 2 имарат, 490 чарчы метр аянтты ээлеген курулушу бүтө элек 2 имарат, 288 метр жерди ээлеген курулушу бүтө элек имарат, 355 чарчы метрди ээлеген жердеги курулушу бүтө элек имарат. 2006-жылы чыгарылган Тойота Прадо унаасы. Депутаттын жакындары 2 компаниянын 90 пайыздык акцияларына ээлик кылышат. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: