super.kg logo

Жыл башынан бери дээрлик 72 миң ымыркайдын ата-энеси сүйүнчү пул алды

 

Ушул жылдын июль айынан тартып өлкө боюнча бала төрөлгөндө берилүүчү сүйүнчү пул алуунун жолу жөнөкөйлөштүрүлдү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын башынан бери 71 915 балага сүйүнчү акча төлөп берилген.
Жөнөкөйлөтүлгөн механизмге ылайык мекемелер аралык маалыматтарды алуу боюнча бардык процесстер автоматташтырылган.

Эмгек министрлиги, мамлекеттик каттоо кызматы, калкты каттоо кызматы жана банктын ортосундагы маалымат алмашуу оңой болуп калды. Балага сүйүнчү алуу үчүн арыздарды жарандык актыларды каттоо бөлүмү, калкты тейлөө борборлорунда кабыл алынып, андан соң эмгек министрлигине жөнөтүлөт. Кийин банк аркылуу акча каражаты которулат.

Жаңы системге ылайык кайрылган жаран банкта эсебин ачпаса да болот. Азыр банктар транзиттик эсептерди ачкандыктан толук автоматташтыруу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Сүйүнчү пул алууга кайрылган жаранга каражат эсебине түшкөнү тууралуу СМС билдирүү жөнөтүлөт. Арыз жазгандан кийин эки жумушчу күндө сүйүнчүнү банктын бардык филиалынан алуу мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
17.07.2019. 08:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен 9 июлда өткөрдүм эле дайны жок го
17.07.2019. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен алдым.Өкмөткө рахмат,ким бермек эле 4000минди.
17.07.2019. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktyluu_bolgum_kelet,кандай докментер кетти
17.07.2019. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sarinakg,метирке паспорт
17.07.2019. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда авысыным төрөп,загстын,ата энесинин паспортунун,төрөлгөн баланын күбөлүгүнүн көчүрмөсүн тапшырып койдум эле,бир аптада смс келди. Айылбанктан алып алгыла деген
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: