super.kg logo

"Так талашуу оюну" сериалы "Эмми" сыйлыгында 32 наамга көрсөтүлүп, рекорд койду

 

"Так талашуу оюну" сериалынын акыркы сезону "Эмми" сыйлыгында 32 наамга көрсөтүлүп, рекорд койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда. Буга чейин 1994-жылы "Нью-Йорк полициясы" сериалы 27 наамга көрсөтүлүп, рекорд койгон.

"Эмми" сыйлыгына талапкерлердин тизмеси 16-июлда Телеберүү илими жана искусство академиясынын сайтына жарыяланды. "Так талашуу оюну" сериалы "Мыкты драмалык сериал", "Мыкты режиссёрлук иш" жана "Мыкты сценарий" наамдарына да көрсөтүлүп жатат. Сыйлык тапшыруу аземи 22-сентябрда Лос-Анжелес шаарында өтөт.

"Так талашуу оюнунун" 8-сезону 14-апрелде экрандан көрсөтүлө баштаган. Америкалык жазуучу Жорж Мартиндин романынын негизинде тартылган сериалдын 8-бөлүгү жыйынтыктоочу экенин режиссёрлор билдиришкен. Сериалдын биринчи бөлүгү 2011-жылдын 17-апрелинде көрсөтүлө баштаган. Бул аралыкта сериалдын 7 бөлүгү тартылып, 38 жолу "Эмми" сыйлыгын алган. Жалпы 8 сезонду кошкондо сериал 161 наамга көрсөтүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: