Израилде бала бакчадан 1,5 жаштагы кызды тумчуктуруп өлтүргөн тарбиячынын жардамчысы 17 жылга эркинен ажыратылды

Соттун мындай чечимине наристесинен айрылган ата-энеси наарызычылыгын билдирип, бул өтө эле "жумшак" жаза экенин билдиришти.
"Израилдин соту бала бакчанын Инна Скибенко аттуу тарбиячысын 17 жылга эркинен ажыратты. Окуя мындан бир жыл мурун болгон. Анда түшкү уйку учурунда уктагысы келбеген 1,5 жаштагы Ясмин аттуу кызды тарбиячынын жардамчысы жуурканга ороп, үстүнө отуруп алган. Кыздын үстүнө отуруп алган аял уюлдук телефонунда оюн ойногону да айтылууда. Кийин жуурканды ачканда кыз чарчап калганы аныкталган. Кылмышка шектүү өз күнөөсүн моюнуна алды", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:19
2025-06-26

10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

Рейтинг:
-2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.