super.kg logo

Франциядагы министр "бюджеттин акчасына кымбат ресторандарда тамактанып жүрдү" деп айыпталгандан кийин кызматтан кетти

 

Франциянын Экология, туруктуу өнүгүү жана энергетика министри Франсуа де Рюжи массалык маалымат каражатында ал тууралуу чыккан макалалардан улам кызматынан кетти. Бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, журналисттер аны "2017-2018-жылдары бюджеттин акчасына досторуна кымбат баадагы кечки тамактанууларды уюштуруп жүргөн" деп айыпташкан. Экс-министр бул маалыматты четке каккан жок, бирок бул кечки тамактанууларды иш боюнча бейрасмий жолугушуулар деп атады.

Мындан тышкары ММКлар министрди "кызматтык батирде оңдоо иштерине 63 миң евро короткон жана жеңилдетилген ставка боюнча муниципалдык турак жайды мыйзамсыз ижарага алып жүргөн" деп айыпташкан. Чиновник жооп бергендей, ал сын-пикирлерге улам жооп бере берип, өз милдеттерин аткара албай жатат. Мындан улам де Рюжи ал тууралуу макалаларды жазган ММКларды сотко берерин айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: