super.kg logo

Британияда врачтар баш сөөгү бириккен сиам эгиздерине операция жасашты

 

Улуу Британияда врачтар баш сөөгү бириккен сиам эгиздерине операция жасашты. Дээрлик эки саатка созулган үч операцияга 100гө чукул адам катышты. Алардын арасында врачтар, биоинженерлер, виртуалдык реалдуулук дизайнерлери бар. Бул тууралуу Би-Би-Си жазып чыкты.

Сафа менен Марва Пакистандын түндүгүндө төрөлүшкөн. Ал учурда кыздардын апасы Зайнаб Биби 7 баланы төрөгөн эле. Эгиздер жарык дүйнөгө келерден эки ай мурун алардын атасы жүрөк оорусунан улам көз жумган.

Зайнаб кыздарына операция жасоо мүмкүнчүлүгү болсо ага макул болорун айтат. Врачтар сиам эгиздерин 1 жашка чейин бөлүү керектигин айтышкан. Оор операция жасоо үчүн көп суммадагы каражат керектелип, аны чогултууга эле убакыт кетип калган. Кыздарды Лондонго алып келгенде алар 19 айлык эле.

Наристелердин башындагы тамырлар S формасында өрчүгөндүктөн операция жасоо кыйынчылык туудурган. Врачтар баш сөөк башкача өскөндүктөн эгиздердин бети эки жакты карап калган. Ар бир мээнин жарым шары экинчисинин мээсине өтүп кеткен. Алардын бириккен кан тамырларын бөлүү эң кыйынга турган. Алардын бөлүнүшүнөн мээ инсультка кабылышы мүмкүн эле.

Операциянын биринчи этабы 2018-жылдын октябрь айында болуп 15 саатка созулган. Анда артериянын байланышкан жерлери бөлүнгөн. Экинчи этабы декабрь айында болуп, анда вена кан тамырлары бөлүнгөн. Февраль айында 7 саатка созулган операцияда врачтар эгиздерди бөлүшкөн. Андан кийин алардын мээсин тоголок формага келтирүү иштери башталган. Врачтар бул процесс көп убакытты аларын белгилешкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
17.07.2019. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Байкуш кыздар жакшы болуп кетишсин
17.07.2019. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аягы не болду?? Жакшыбы кыздар эми??
17.07.2019. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кандай жыйынтык болду ошондо?
18.07.2019. 08:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Djumahmatov, жакшы жыйынтык, бир аз убакыт талап кылынат деп жатышат башты тоголок формасына келтириш учун. кудай буйруса жакшы болуп кетишет
18.07.2019. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
azamat85,+басам деп минус басылып Кетти тууган
19.07.2019. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ии Кудай жакшы болуп кетишсин операция жасаган врачтарга да рахмат өттө олутту операция жасашыптыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: